Пример HTML-страницы

Башкы прокуратура Ак-Ордодогу жерлерди сатуу боюнча коррупциялык схеманы аныктаган. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Ордо конушунда жер сатууга шектелип, бир канча кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

«Текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген адамдар материалдык кызыкчылыктарды көздөшүп, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында укукка жат туруктуу байланыш түзүшүп, Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE