Пример HTML-страницы

Барскоон капчыгайында 7,5 мегаваттык кичи ГЭС курулат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 5-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Барскоон капчыгайында чакан ГЭСтин курулушуна капсула салынды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, аталган ГЭСтин кубаттуулугу 7,5 мегаватты, баасы 706 миллион сомду түзөт. Курулуш 15 адамды иш менен камсыздаары пландалууда.

Жабдуулар Австриядан алып келинет. Долбоордун алкагында узундугу беш чакырымдык канал жана аянты 300 чарчы метрлик имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 миллион киловатт-саатты түзөт. Бул 1 500 үйдү электр энергиясы менен камсыздоого жетет.

Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалган.

Жалпысынан облуста кайра жаралуучу булактардан энергия алуучу станцияларды куруу үчүн 31 жер тилкеси бөлүнгөнү кошумчаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE