Пример HTML-страницы

Банкта иштеген 4 кыздын атасы камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук соту жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам боюнча өкүм чыгарды. Turmush басылмасы анын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуучу Абишбай (аты өзгөртүлдү А.А.) 1993-жылы Таластын Айтматов районунда туулган. Билими жогорку, үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы. Мурда соттолгон эмес. Райондогу банктардын биринин сберкассасынын жетекчиси болуп иштейт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-2-пункттары (зордуктоо) менен айып тагылып, Манас райондук сотунун 16-майдагы токтому менен 2 айга камакка алынган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Абишбай 2023-жылдын декабрь айынан тартып, 2024-жылдын 15-апрелине чейинки убакытта Айтматов районундагы айылдардын биринин 8-классынын окуучусу (2009-жылы туулган) Мирайымдын (аты өзгөртүлдү М.А.) эркине каршы бир нече жолу жыныстык катнаш жасап, ал 26 жумалык кош бойлуу болуп калганы такталган. Кыздын ден соолугуна зыян келтирилген.

Абишбай 14-май күнү кылмышка шектүү катары кармалып, райондук сот тарабынан 2 айга, тактап айтканда 14-июлга чейин камакка алынган.

Абишбайдын жактоочусу райондук соттун токтому менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Жактоочу анда Абишбай кылмышка шектүү катары тартылганын, тергөө амалдары эми жүргүзүлүп баштаганын, буга чейин соттолбонун, экономикалык окуу жайды бүтүп, банктардын биринин сберкассасынын жетекчиси болуп иштеп келгенин, сурак учурунда эч кандай каршылыктарды көрсөтүп же качып кетүүгө аракет жасабаганын билдирген. Ага катар эле Абишбай үй-бүлөсү менен жашарын, карамагында жубайы, 4 кызы, атасы жана 2-топтогу майып бар карындашы бар экенин айтып, тергөө аяктаганга чейин үй-бүлөсү менен болууга жана жумушунда иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү, тергөө амалдары бүткүчө үй камагына чыгарууну суранган.

Соттук отурумда айыпталуучу Абишбай апелляциялык даттанууну колдоп, бөгөт коюу чарасы катары үй камак түрүн тандап берүүнү суранды.

Прокурор апелляциялык даттанууну колдобой, Манас райондук сотунун 16-майындагы токтомун өзгөртүүсүз, апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну өтүндү.

Соттун өкүмү:

Талас облустук соту 28-майда иштин материалдарын карап чыгып, Манас райондук сотунун 2024-жылдын 16-майындагы Абишбай жөнүндөгү токтомун өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

—————————————————————

Буга чейин 23-майда Талас ОИИБ Айтматов районунда өспүрүм кыз кош бойлуу экени аныкталганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 13-май күнү милицияга мугалимдер тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча кыздын апасы Айтматов РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты Айтматов РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде катталып, кылмыш иш козголгон. Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалып, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE