Пример HTML-страницы

Балыкчынын 2 тургуну абакта отурган адамдын тузагына түшкөн. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаза аткаруу мекемесинде отурган кибер чабуулчу интернет аркылуу Балыкчы шаарынын тургундарын 100 миң сомго алдап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-апрелинде Балыкчы шаарынын 1980-жылы туулган тургуну А.К. алдамчылык фактысы боюнча ШИИБге кайрылган. Анын айтымында, «Лалафо» жарнама сайты аркылуу унаа сатып алууга аракет кылып жатып, күмүш түстүү «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаасы сатылганы тууралуу жарыяны көргөн.

Жарнамада көрсөтүлгөн телефон номуру аркылуу сатуучу менен байланышып, 110 миң сомго унаа сатып алуу тууралуу келишишкенден кийин сатуучу күрөө катары «О деньги» мобилдик капчыгына 60 миң сомду алдын ала которууну суранып, унаа башка сатып алуучуларга сатылбасын кепилдеген. Бирок акча которулгандан кийин сатуучунун телефон номуру өчүрүлүп, сатып алуучуга 60 миң сом өлчөмдө материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт Балыкчы ШИИБи тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал мурда соттолуп, учурда Чүй облусундагы №3 жаза аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 1995-жылы туулган тургуну С.Я. болуп чыккан. Шектүү тергөө учурунда шаардык прокурордун чечими менен Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына алып келинген.

Алдын ала суракта шектүү аталган кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ушундай дагы бир кибер алдамчылык кылмышына тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал ушул жылдын 13-апрелинде Балыкчы шаарынын 1998-жылы туулган Б.А. аттуу тургунунан «Кыргызстан валмарт» Телеграмм тайпасы аркылуу 40 миң сомду банк картасына салдыртып, салынган каражатты эки эсе көбөйтүү убадасы менен алдап, изин жашырып кеткен.

Шектүү аталган экинчи факты боюнча дагы күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин билдирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE