Пример HTML-страницы

Балыкчылык Сезим «Алтын тамга» аттестатына татыды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун 6 бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Анын ичинен 2 окуучу Балыкчы шаарынан. Бири Бермет Кубанычбекова болсо, экинчиси Сезим Нурланбекова.

Сезим Нурланбекова 2006-жылы 29-сентябрда жарыкка келген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу, 2 иниси бар.

Сезим айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл буруп, ар кандай олимпиадаларга катышып келген. Мектепте активдүү окуучулардын катары толуктап, шаардык масштабдагы иш-чараларга катышкан.

«”Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болуу үчүн 10-класстан бери даярдык көрө баштадым. Биздин мектепте өз жумушун билген, абдан күчтүү мугалимдер жамааты бар. Алар бизди 2 жыл бою сынактарга даярдашты.

Тесттер боюнча суроолор оор болду, бирок узак жана кылдаттык менен даярдануу оң натыйжаларды берди. Биз Ысык-Көл облусунун аймагында жашагандыктан, маал-маалы менен таза абада, көл жээгинде предметтик мугалимдер менен чогуу окучубуз. Анткени табият менен байланыш окууга да оң таасирин тийгизет экен”, — дейт ал.

Нурланбекова англис тилинде эркин сүйлөйт. Келечекте дарыгер болгусу келет.

«Бизде Балыкчы шаарында адистер жетишсиз болгондуктан, мен дарыгер болууну чечтим. Дарыгер болуу үчүн билим алып, өз шаарыма пайда алып келип, тырышчаактык, аракет жана адал эмгек максатка жетелей турганын бардыгына көрсөткүм келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE