Пример HTML-страницы

Балыкчылык Бермет Кубанычбекова «Алтын тамга» аттестатына кантип татыганын айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Бермет Кубанычбекова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Ал бул ийгиликке жетүү үчүн күн-түн дебей мээнет кылгандыгын айтат.

«Мен 2006-жылы 26-июнда Балыкчы шаарында жарыкка келгем. Үй-бүлөдө үчөөбүзбүз — апам, мен жана 12 жаштагы сиңдим. Чакан үй-бүлө болгонубуз менен абдан ынтымактуубуз. Алар ар дайым мени колдоп, ишенимин артып келишет.

Л.Н.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясында билим алдым. Көздөгөн максатыма жетүү үчүн, тактап айтканда артыкчылык аттестатын алуу үчүн мектеп босогосун аттагандан тарта “5” деген гана бааларга окудум. Башталгыч класста окуп жүргөндө, математика сабагын абдан кызыгуу менен окуп, облустук жана шаардык олимпиадаларда олжолуу орундарды алып жүрдүм. Мектепте активдүү окуучулардын катарын толуктап, ар кандай иш-чараларга катыштым», — деди ал.

Анын айтымында, артыкчылык аттестатына талапкер болуу үчүн тестирлөө жана жалпы республикалык тестирлөөнүн структурасы бири-биринен айырмаланат.

«Математика сабагы менен бирге орус тили жана химия сабагын абдан жактырам. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына талапкер болуу үчүн тестирлөөгө даярдык көрүү оор болду. Мындан сырткары, жалпы республикалык тестирлөөгө да даярдануу керек эле. Аталган тестирлөөлөрдүн структурасы бири-биринен айырмаланат. Ошондуктан экөөнү чогуу алып кетүү кыйынга турду. Натыйжада мээнетимдин акыбети кайтып, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болуп отурам.

Бош убактымда китеп окуганды жактырам, анын ичинен классика жана детектив жанрларына жакынмын. Китеп окуп жатканда ажайып жаңы дүйнөнү изилдеп жаткандай болосуң. Китеп окуу пайдалуу гана болбостон, ырахат да алып келет. Канча китеп окубайын, Александр Дюманын “Үч мушкетёр” тарыхый романы сүйүктүү чыгармам болуп кала берет», — деди ал.

Каарманыбыз клиникалык психолог кесибине ээ болгусу келет.

«Башка бардык бүтүрүүчүлөр сымал кыялданганым — өзүм каалаган жогорку окуу жайга өтүү. Мен клиникалык психолог адистиги боюнча медициналык академияда билим алгым келет. Мага бул кесип абдан жагат, анткени мен бала кезимден бери адамдардын психологиясына кызыгып келем. Мисалы, адамдын мүнөзүнө балалык чагы кандай таасир этери, адамдар жашоодогу оор кырдаалдарды кантип жеңери кызык. Адамдын моралдык абалы анын физикалык абалы сыяктуу эле маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан биздин заманда психологдор абдан керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

— Бишкек шаарынан — 68 окуучу;

— Чүй облусунан — 20 окуучу;

— Ош облусунан — 17 окуучу;

— Жалал-Абад облусунан — 9 окуучу;

— Баткен облусунан — 9 окуучу;

— Талас облусунан — 8 окуучу;

— Ысык-Көл облусунан — 6 окуучу;

— Нарын облусунан — 6 окуучу;

— Ош шаарынан — 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE