Пример HTML-страницы

Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилген 6,1 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 75 млн сомдук 6,1 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө калаанын Озерная көчөсүндө жайгашкан, көл жээгиндеги 6,1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Прокуратура аталган жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, натыйжада толук канааттандырылган.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 75 млн 400 миң сомду түзгөн жогорудагы 6,1 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE