Балыкчыда Айтеңир Алтынбек уулун тосуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарында самбо боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында 3-орунга ээ болгон Айтеңир Алтынбек уулун тосуп алышты.

Дүйнө чемпионаты Кипрдин Ларнака шаарында уюштурулган.

Кыргызстандын желегин желбиреткен Айтеңир Алтынбек уулун жана машыктыруучусу Тилек Асаналиевди Балыкчы шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Алмаз Байгазиев кабыл алып, ардак грамота тапшырып, куттуктоо сөзүн айтты.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө 5 медаль утушканы маалымдалган.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш , 4 коло медаль жеңишкен.

Өспүрүмдөр арасында Шахнази Айбекова 41 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынган. Даниел Шаршенов (58 кг), Нурадил Иманалиев (71 кг), Ахмед Алиев (58 кг) жана Айтеңир Алтынбек уулу (79 кг) 3-орунду ээлешкен.

Пример HTML-страницы

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жана машыктыруучу Илгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️