Балыкчы шаарынын аймактарында 12 чөө атылды

Балыкчы шаарынын аймактарында 12 чөө атылды Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаарынын Ак-Өлөң, Боз Бармак, Таш-Сарай аймактарында чөөлөргө каршы атайын иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмесинин мергенчилери атайын ыкмаларды колдонуу менен жалпы 12 чөөнү атып алышты. Муну менен катар жаратылышка зыян келтирбөө, коопсуздук эрежелерин сактоо жана мыйзам чегинде иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулду.

Бул иш-чара шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана аймактагы экологиялык тең салмактуулукту сактоого багытталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️