Пример HTML-страницы

Балыкчы шаарынын өзгөчө балдары Ошто өткөн мелдеште олжолуу орунга ээ болушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу «Алгачкы кадам» коррекциялык жардам көрсөтүү борборунун директору Айжамал Абамуслимова билдирди.

«Атайын спортчулар арасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи ачык чемпионаты өттү. Балыкчы шаарынын өзгөчө балдары 1-2-орунга ээ болушту. Алар Даниель Маликов, Ильяз Долонбеков жана Амир Таиров.

Мелдешке Кыргызстан жана Өзбекстандан келген өзгөчө балдар катышты. Аутизм, менталдык жактан өзгөчөлөнгөн 150 бала катышты. Мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлдү. Балдар бири-бири менен таанышып, аябай кызыктуу болду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE