Балыкчы шаарында жол кырсыгы орун алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

«Бүгүн жолдо кетип бара жатып, эки унаа кагышканына күбө болдук . Адамдар туурасында маалыматыбыз жок, шашып өтүп бара жатып тартып алдык», — дешти алар.

Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү бул окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Бул жол кырсыгы бүгүн, 5-сентябрда калаанын Аманбаев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа экинчи унааны өткөрбөй, буруп жиберген. Айдоочусу 1947-жылы туулган тургун экени аныкталды. Эки айдоочу тең жеңил жаракат алып, ооруканага көрүнүп кетишти», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️