Балбан Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду.

23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө биринчилиги Албанияда өтүүдө. Ал 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.

Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта күч сынашты. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, катары менен 4 атаандашын утуп, финалга өткөн.

Ал эми алтын үчүн беттеште грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келди. Раззаков грузиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️