«Бактымды ойлобойсуз бактылуу болушумду каалабайсыз»

https://kyrgyzcha.site/?p=63684&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ассалому алейкум уматтуу байке эжелер. Мен да өз тагдырымды ортого салгым келип жаздым.Мен Мед училищаны бүтүп кесибим боюнча Травматологияга жумушка орноштум. Күндөрдүн биринде бир жигит жол кырсыгынан оор жаракат алып түштү. Бир бутунун эки жеринен сынды, сол колунун сөөгү жарака кетип 2 ай больницада жатты. Сменим келгенде капельница, перевяска кылып жүрүп жакындашып, мындайчасына кыз жигит болуп жүрдүк. Больницадан чыккандан кийин тез эле баш коштук. Апам каршы болсо да ыйлактап апама -«Бактымды ойлобойсуз бактылуу болушумду каалабайсыз»- деп жүрүп көндүрдүм. Көрсө апам жалгыз кызын алыска бергиси келбей жашап чоңойгон айлыма бергиси келип жүргөн экен.

Ошентип той да өттү, жаңы жашоо башталды мага. Кайын журтума тез эле көнүп кеттим. Кайненемди кайнатамды өз ата энем сыйлагандай сылап жүрдүм. Кайненем окуган кыз экен айылга фапка иште деп киргизем десе күйөөм көнбөй кайненем мына сага иштетпесең деп үйүмдү фапка айландырып алды. Кошуналар уколдорун көтөрүп келип сайып койчу деп үйрөнүшүп алды. Ошентип күн өтө берди, жыл өттү мен эңсеген күйөм эңсеген , кайненем наристе жытын жыттай турган небере тартуулай албадым. Уй саап курут май кылып жайлоомо жайлоо жүрдүм мал менен. Балалуу болом деген ниетте ар жакта жүрдүм. Лечениянын түрүн көрдүк. Акыры кайним үйлөнүп биз бөлүнө турган болуп үй жай кылайлык и аба алмаштырайлык деп эл катары Россиягв барып иштеп үй жай кылдык мен 3 жыл жүрүп чарчагандан айлыма келе бердим. Күйөөм бир жыл иштеп толук бүтүрөйлү деп калды. Ошентип кайнене авсыным жанында бир жыл жүрдүм. Кайним кыздуу болгон эле баарыбыз ошону эркелетип алаксып жүрө бердим. Күндөн күнгө кайнежелерим кайненем өзгөрүлө баштады мага суук мамиле кылып. Күйөм да сүйлөшсө суз жооп берип калды. Бара бара баарын сезип жүрдүм бирок сыр билдирбедим. Кандай азап болсо да чыдадым. Апама айтсам «Өзүң жактырдың ошону»- дейт деп айтпай жүрдүм.

Жыл өтүп күйөөм да келди. Мага болгон мамилеси суз, кечинде достор менен олтуруп келем деп ошол түнү келсе да бөлөк үйдө жатты. Эртеси саат 11лерге карап атам аам келди. Куйөө балам келди учурашканы келсе керек деген ойдо болчумун. Баарыбыз олтурганда кайненем сөзүн баштады. Баламдын артында кала турган туяк керек, келиним жаман эмес жакшы төрөбөсө айла жок экен, кызыңарды алты саны аман тапшыралы десе дене боюм зыркырап жүрөгүп ана токтойт дегендей жүрөгүм камап олтуруп калдым титиреп. Күйөөмдү бир көргүм келип сыртка чыккым келди. Ордумдан турганымда колумдан бирөө кармагандай болуп жетелегенде бир аз наы барып жыгылдым. Өзүмө келсем бары чочулап үймөлөктөшүп кайненем айланайын садагам тагдырыңар ушул экен да деп ыйлактап туруптур. Атам болду эми жүктү баскыла деп жүктөрүм жүктөштү. Жүк да көзүмө көрүнбөдү менин оюм башка болчу.

Күйөөм балалуу болбойткенбиз ажырашалшы деп эскерттим. Үй жай кылып бөлүнүп алалы бала багып алабыз сенден ажырагым келбейт, сени эч кимге ыраа көрбөймүн, балалуу болбосом да сен жанымда жүрсөң болду ошол бакыт деп көнбөй бизди бир өлүм ажыратат сөз берем сени капа да кылбайм көзүңдөн жаш да агызбайм деген убадасын бузду. Экөөлөп иштеп үйдү салдык ошол үйдө бир күн түнөбөй жолго салганы өкүндүрдү. Мындайын билгенимде жанымды ташка уруп кыйнабайтлем.

Ошентип ак батасын берип жолго салды. Келгенче эч кимге сүйлөбөдүм жеңем акем иним келиним балдары баары тосуп алса да сезбедим. Катуу стреске түштүм. Апетит жок тамагымдан эч нерсе өтпөйт кечке жатам уктайм. Апам атам бооруна кысып жакшы сөздөрүн айтса да кулагыма кирбеди. Ошентип 3 ай үйдөн чыкпай жаттым. Бир күн телефонго бирөө чалды алсам күйөөм үнүн угуп бакырып ыйладым үйдөгүлөрүм үрөйүн учуруп. Баарын угуп турган күйөөм бир күн келди.

Келгенден эле бооруна кыса кучактап кечирим сурады. Ал кечирим сураган сайын менде жек көрүү сезим пайда болду. Жогол деп жок болуусун тиледим. Мени кетиргенден кийин бир жумаа өтүп үйлөнүп, мен бир күн түнөбөгөн үйдө эч жардамы тийбеген аялы менен жашаганына ачуум аябай келди.

Пример HTML-страницы

Ажырашканга жуучу көбөйө береткен жашоого желаниям жоктугунан ушу тынч эле жүрөйүн деп Россияга келе бердим. Жумушум да жашом да баары ойдогудай өтүп жатат. Акем үй салды иштеп тапкан акчамды акеме салып үйүн бүтүрүп кирип жашап жатат балдары менен. Апам айылдын медиги болгондуктан фапта иштеп жатат. Атам таксеват кылып семьясын багып жүрөт Аллахыма чексиз шүгүр жөнөкөй үй-бүлөнүн эрке кызы болуп жаралганыма шүгүр.

Эми баары турмушка чык деп жатышат, кийинки жашоом кандай болот. Төрөбөсөм ал да бир күн иштетип апамдардын алдына салып береби деп ал жагы да ойлондурат. Жалгыздык бир Аллахка таандык дейт. Мекениме бара берейинчи бир маселем чечилеттир да ээээ эжелерим.

Ушуну окуп жаткан бардык эжелер байкелерге, жеңелер жезделер, инилер сиңдилерге Аллахтан бактылуулукту тилейм. Баарыңыздарга чын ден соолук, өмүрүңүздөр узун бактылуу үй бүлөөдөн жана балдарды ата энеден ажыратпасын, уул кыздарыңыздар ата апа деп көз жашын төкпөсүн, бактылуу болушуңуздарды тилейм ???????? деп мен ……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️