Бакчада ойноп жаткан баланын жансыз денеси Жумгал суусунан табылды

TurmushЖумгал суусунан 2 жаштагы наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-апрель күнү саат 19:10 чамасында Жумгал РИИБге билдирүү келип түшкөн. Анда Чаек айылынын тургуну Г.Н. 2 жаштагы баласы Ч.С. бакчада (огород) ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.

Аталган окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 7-апрель күнү саат 17:30 чамасында 2 жаштагы наристе үйүнүн алдында ойноп жатып, атасы үйүнө кирип кайра чыкканда ордунда жок болуп чыккан.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда Жумгал суусунун Орто-Токой участкасынын суунун эки айрылышынан Ч.С.нын жансыз денеси табылган.

Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️