Бакай-аталык А.Мамышева ар бир күнү кызыктуу өткөн мекемеде иштеп жатат

TurmushБакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 35 жаштагы тургуну Асел Мамышева бакчада тарбиячы болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. 7 бир туугандынң кичүүсү. Кесиби боюнча биология сабагынан мугалим.

«2015-жылга чейин мектепте эмгектенип, андан соң Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы «Балажан» балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектене баштадым. Бакчага келип иштеп баштаганда гана мен өз адистигимди тапкандай болдум десем жаңылышпайм. Балдар менен иштеген абдан кызыктуу экен. 2018-жылы райондук семинар сабак өткөнбүз. Ошол жерде мен «Ак кемедеги» Момун чалдын ролун аткаргам. Ошондо бакчага келген балам Нургазынын ролун аткарып, менден «чоң ата бул эмнелер?» деп үйүр маралды сураган жери бар болчу. Мен аябай толкунданып, унутуп коюп кулагына «өзүң айтып кой» деп шыбырыгам (күлүп). Ал өзү айтып улантып кеткенбиз. Жыйынтыгында эң мыкты деген баа алган болчу. Азыр ал бала мектепте 2-класс болуп калды. Азыр көрсө дагы ошол окуяны айтып, «сонун болгон» деп сүйүнүп калат.

Бизде ар бир күн кызыктуу, жаңы тай тай баскан балдар, жаңы тили чыгып жаткан наристелер менен иш алып барасың. Алар көргөнүн көбүрөөк жаттайт. Ошон үчүн сабакта көрсөтмө куралдарды кызыктуу, кылабыз. Балдардын жан дүйнөсү аруу болот. Алар менен кошо күлүп, кошо сүйүнүп, аябай бала кыял болуп калат экенсиң. Үйгө келип алып, бакчадагы балдардын кыялы менен өзүмдүн балдарымды салыштырып, жакшы жактарын айтып берем. Бала бакчада эмгектенүү, изденүүнү биринчи орунга коем. Анткени ата-эненин бизге болгон ишеничи чоң. Күн сайын балам бир нерсе үйрөнүп келсин деп жөнөтүшөт. Балдардын кабыл алуусу күчтүү болгондуктан ар бир кыймылыңа маани беришет. Ар бир кыймыл-аракетиң, сөзүң алардын тарбиясында чоң роль ойнойт», — деди ал.

Тарбичы айым буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Жолдошум Сыйдалиев Намазбек экөөбүздүн баш кошконубузга 15 жыл болду. Адилхан, Адинай, Абидин, Ахмад деген балдарыбыз бар. Кайын эне кайын атанын колундагы келинмин. Өзүмдү бактылуумун деп эсептейм», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️