Бакай-Атада селдин кесепетинен жайлоодогу көпүрө авариялык абалга келди

Акыркы жанылыктар

Turmush18-август күнү Бакай-Ата районунда селде калып калган 2 унааны алып чыгышты. Бул тууралуу жарандык коргонуу комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, ал күн катуу жааган жамгырдан улам Бакай-Ата районунда Үрмарал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Беш-Көл өзөнүнө кеткен жол жана көпүрөлөр жабыркаган. Үрмарал өзүнүндөгү унаа жолдогу көпүрөгө (Шайтан көпүрө) агынды, тал-теректер тыгылып, суунун нугу жолго бурулуп ,көпүрө авариялык кооптуу абалга келген. Селде «Жигули» жана Волга» үлгүсүндөгү 2 унаа калып кеткен. Алар жарактуу абалда экени аныкталды.

Андан тышкары жолду 200 метр аралыгын суу жууп кеткен. Жол жана көпүрө №47 жол тейлөө ишканасынын балансында. Калыбына келтирүү милдети аталган ишканага, Акназаров, Биримдик, Бакай-Ата айыл өкмөттөрүнө жүктөлүп, иштеи жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️