Пример HTML-страницы

Бакай-Атада мөндүр талкалап кеткен айдоо аянттары кайрадан айдалып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush24-июнда Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагында катуу жамгырдан жабыр тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттар бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, катуу жамгырдан жалпы 1051 гектар айдоо аянттарына жана 47 турак жайга зыян келтирилген. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга ыкчам чараларды күрүү максатында атайын штаб түзүлүп, райондун Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан иликтөө иш-чаралары аткарылды. Дыйкандарга колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү компаниялардын биринен 1 млн сом жана Бакай-Ата районун өнүктүрүү фондунан 500 миң сом каражат бөлүндү.

Мындан тышкары Кыргызстан, Биринчи-Май жана Боо-Терек айылдарынын кайдыгер карабаган жарандарынан жалпы 751 миң сом акча топтолуп, муктаждарга жардамдар көрсөтүлүүдө. Бакай-Ата, Ак-Дөбө, Акназаров айыл өкмөттөрүнөн жана Жон-Коргон айылынан 23 трактор акысыз жерлерди айдап-себүү иштерин жүргүзүштү.

Окуя тууралуу:

24-июнь күнү саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Талас районундагы эгин талааларды сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынан кабарлашкан.

Маалыматка караганда, Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында 2 гектар талаага (1 гектар чөп, 1 гектар фасоль) зыян келтирилип, 1 көпүрөнү, 300 метр жолду, Ак-Жар айылындагы сугат арыгынын 10 метр бетон монолитти, Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак суусунан келген сел 5 гектардагы чөптү каптап кеткен.

24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Биринчи-Май айылында мөндүр жааган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен.

«Мөндүр саат 15:30 чамасында жаап өткөн. Ал талаадагы төө буурчактардын жалбырактарын, бышып келе жаткан алчалардын мөмөсүн күбүп кетти», — деген алар.

  • ӨКМ 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Андан кийин Бакай-Ата районунда катуу жааган мөндүрдөн улам талаадагы каргалар кырылганы кабарланган.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан бул маалыматты тастыкташкан.

«Бул табигый кубулуш. Мөндүрлөр талаадагы каргаларды өлтүрүп кеткен. Күтүүсүз мөндүр жаап, каргалар жашынып же учуп кете албай калышкан», — деп айтылган маалыматта.

Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтүнүн деңгээлинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, райондук Жарандык коргонуу кызматтарына кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE