Бакай-Атада мөндүр мөмөсүн күүп кеткен алма бактар кайрадан гүлдөп жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан айылында алма бактар кайрадан гүлдөп баштады.

Жергиликтүү тургун Кабыланбек Кенжетаевдин айтымында, 19-июнь күнү катуу жааган мөндүр гүлдөп жаткан түшүмдүн баарын күүп кеткен. 1 ай өтпөй, тактап айтканда 19-июль күнү алмалар кайрадан гүлдөп жатат.

«Бизде 1 ай мурун катуу мөндүр жаап, түшүмдүн баарын алып кеткен. Алма, алча гүлдөп турган маалында күбүлүп калган. Кудайдан кудурети экен, 1 айдан кийин алма бак кайрадан гүлдөп жатат. Арасында жайкы алмалардын аз-аздан мөмөсү калып, алар бышып түшүп жатат. Жанында болсо, алмалар гүлдөп турат. Бул дагы жаратылыштын керемети экен. Болгону гүлдөп турган алмалар суукка калып калып, бышпайт го деп ойлоп жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️