Бакай-Атада аялдардын спорттук таймаштары өттү

TurmushКечээ, 5-апрель күнү Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл аймагында Ден соолук күнүнө карата «Дени сак эне — дени сак бала» деген темада аялзаты катышкан спорттук оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Айгүл Жумакеева билдирди.

«Бул спорттук иш-чара айыл тургундарынын катышуусунда болду. Баскетбол, шахмат жана шашки боюнча оюндар өткөрүлдү. 1980-1990-жылдар арасындагы айымдар бир команда, ал эми 1970-1980-жылдары туулган айымдар бир команда болуп күч сынашты. Калыстар тобунун чечими менен 1980-жылдан 1990-жылга чейин туулган айымдардын командасы жеңишке ээ болуп, айыл өкмөтүнүн дипломдору менен сыйланышты.

Иш-чараны айылдык ден соолук комитети уюштуруп берген. Оюндар башталганга чейин айыл өкмөтүндө жайгашкан жаштар борборундагы машыгуу залда машыгып даярданышты. Жалпысынан үйдө отурган 15 кыз-келин катышты», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️