Пример HTML-страницы

Бакай-Ата районунда жааган мөндүрдөн улам келтирилген зыяндар аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush24-июнь күнү Бакай-Ата районунда жааган мөндүрдөн улам келтирилген зыяндар аныкталды. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек, Оро, Кыргызстан айылдарында катуу шамалдын, жаандын жана мөндүрдүн кесепетинен улам бир нече турак жай, эгин талааларга зыян келтирилип, өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

«Атайын Жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, жеринде иш алып бардык. 48 турак жай, 5 социалдык объект, 1 дүкөн, 1 тойкана, 15 сарай, айыл чарба багытындагы 900 гектардан ашык жер аянтына зыян келтирилгени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

——————————-

24-июнь күнү саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Талас районундагы эгин талааларды сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында 2 гектар талаага (1 гектар чөп, 1 гектар фасоль) зыян келтирилип, 1 көпүрөнү, 300 метр жолду, Ак-Жар айылындагы сугат арыгынын 10 метр бетон монолитти, Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак суусунан келген сел 5 гектардагы чөптү каптап кеткен.

24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Биринчи-Май айылында мөндүр жааган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен.

«Мөндүр саат 15:30 чамасында жаап өткөн. Ал талаадагы төө буурчактардын жалбырактарын, бышып келе жаткан алчалардын мөмөсүн күбүп кетти», — деген алар.

  • ӨКМ 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Андан кийин Бакай-Ата районунда катуу жааган мөндүрдөн улам талаадагы каргалар кырылганы кабарланган.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан бул маалыматты тастыкташкан.

«Бул табигый кубулуш. Мөндүрлөр талаадагы каргаларды өлтүрүп кеткен. Күтүүсүз мөндүр жаап, каргалар жашынып же учуп кете албай калышкан», — деп айтылган маалыматта.

Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтүнүн деңгээлинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, райондук Жарандык коргонуу кызматтарына кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE