Бака жалбырак (пайдасы)

https://kyrgyzcha.site/?p=62114&preview=true Пайдалуу кеңештер.
Бака жалбырак орусчадан котормосу — Подорожник.
Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо оң натыйжасын берет. Андан сырткары согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт.
Бул дарылык касиети бар чөптү жазы жалбырактуу чоң жалбырактарынан гүлдөй элек кезинде кесип алып салкын, күн тийбеген жерде кургатып алса болот.
Колдонуу ыкмасы: Кургатылып, майдаланылган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.
⛔Бака жалбырактын дарылык касети
Бул дары чөп май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Жалбырагын жай бою даярдоого мүмкүн болсо да, гүлдөгөнгө чейин чогултуп алуу жакшы. Анткени таасири күчтүүрөөк болот. Бака жалбырактын курамында кремний кислотасы, адамды сергитүүчү заттар жана башкалар бар. Бака жалбырак бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ.
⛔Колдонулушу
Жалбырагын чай сыяктуу демдеп ичсе, жөтөлдө, дем алуу жолдоруна суук тийгенде, ич өткөктө пайдалуу.
Дарыны жасоо ыкмасы: кургатылып майдаланган жалбырагынан 10-15 грамм алынып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, демделет. Муздаганда сүзүп алып, 1 аш кашыктан 5-6 маал ичүү керек.
⛔Жара чыкканда, бир жерин кесип алганда, чыйкан чыкканда, уйку качканда, ичеги ооруларында бака жалбырактын ширеси ичилет. Ал үчүн 1 чай кашык жалбыракты 1 стакан сууга кайнатып, 2 саат демдеген соң улам бир ууртамдан иче берсе болот…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️