Байзактагы мектептин чатырынан көгүчкөндүн кыгы агып, мугалимдер менен окуучуларды убайымга салууда

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин чатырынан суу агып, андагы мугалимдер менен окуучуларды убайымга салууда.

Мугалимдердин айтымында, мектеп 1050 окуучуга ылайыкташтырылып курулуп, 1990-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы учурда 90 мугалим эмгектенип, 1350 окуучу билим алып келет.

«Мектебибиз ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык оңдоодон өтө элек. Жамгыр жааганда чатырдан суу куюлуп, көгүчкөндүн кыгы агып, дем ала албай жатабыз. Башталгыч класстын окуучуларынын ден соолугуна аябай эле зыян келүүдө. Кабинеттерден дагы суу агып жатат. Бул боюнча айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөткө, акимиатка кайрылганбыз. Бирок жыйынтык чыккан жок. Кайрылууда жергиликтүү бюджеттен 6 млн 700 миң сомдук капиталдык оңдоого каржы сураганбыз. Айылдын жаш депуттары колдосо, башка депутаттар колдобой коюшкан. Чатырыбыз ошол бойдон талкаланып эле турат», — деди алар.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Байыш Сагынбеков мектептин чатырын алмаштырууга жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып жатканын билдирди.

Байзак айылынын жергиликтүү бюджети 24 млн 500 миң сом. Өткөн 2021-жылдын жыйынтыгы менен 10 млн сом үнөмдөлгөн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️