Байланыш бөлүмүн жетектеген Анара Намазбекова кол өнөрчүлүк менен алек

Акыркы жанылыктар

Turmush52 жаштагы Анара Намазбекова кыз-келиндерге сеп жасап, кол өнөрчүлүктү аркалоодо. Ал өз кезегинде Жети-Өгүз, Түп районундагы почтада байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенгенин айтып берди.

«Мен 1972-жылы Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчисимин. Өзүмдүн кичи мекенимдеги мектептен билим алып, 1989-жылы Бишкек шаарындагы №98 окуу жайдын байланыш бөлүмүнө тапшырдым. Ошентип, лицейди аяктагандан кийин эң алгачкы иш-тажрыйбамды 1992-жылы Кызыл-Суу айылындагы почтада байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, 1995-жылы Түп районуна ротация болдум. Тагыраагы Ак-Булуң айылындагы жергиликтүү тургундарды пенсия, жөлөк пул, кат жана башка телеграмма таратып эмгектендик. Мындан сырткары, калкты байланыш менен камсыз кылдык.

Ак-Булуң айылында иштөө көптөгөн кызыктуу көз ирмемдер менен коштолду. Айылда кыялы оор жөлөк пул алган кардарыбыз бар эле. Анын пенсиясын өзүм алып барууну чечип, документке кол койдурбай кете бериптирмин. Анан кечинде эле отчёт чыгарсак, акчанын эсеби чыкпай эле кызыктай болуп калдым. Эстеп эле үйүнө дароо барып, шолоктоп ыйлап жиберсем, мени сооротуп, кагазыма кол коюп берип узатканы эсимде. Айтор мындай учурлар жана эмгек жамаат менен эриш-аркак бирдикте иштеген жагымдуу окуялар көп болду. Мен бул аймакта 2000-жылга чейин эмгектенип, Чүй өрөөнүнө барып, өмүрлүк жолдошум менен табышкам», — деди ал.

А.Намазбекованын айтымында, өз кесиби менен 15 жыл эмгектенип, кийин ден соолугуна байланыштуу кол өнөрчүлүккө өткөн.

«1999-жылы өмүрлүк жолдошум менен баш кошуп, Чүй аймагында жашадык. Байланыш тармагында 2005-жылга чейин эмгектенип, кийин ден соолугума байланыштуу кесибимди алмаштырууга туура келди. Жүрөктөн операция болгондон кийин жан дүйнөгө да тынчтык керек болду. Ошол кезде Бишкекте жашаган эң жакын курбум кийим тигип бычканды үйрөтүп, кол өнөрчүлүккө ооп кеттим. Анткени өзүмдүн атам тумак, тебетей жасаса, апам да кол өнөрчү киши эле. Ошол мезгилден тарта кыз-келиндерге сеп жасап, калкты жууркан төшөнчү менен камсыздап келе жатам. Өмүрлүк жолдошум каза болуп калды, ата-энем, иним да көзү өтүп кеткенине байланыштуу инимдин уулуна караан болуп жол көргөзүп, өзүмдүн кичи мекенимде жашап келе жатам. Айылдаш бир туугандар абдан жылуу кабыл алып, сый-урмат көрсөтүшөт. Жаныма 3 адам алып, жууркан төшөк көктөөгө жумуш орун уюштуруп бердим. Той сезонунда бир бүтүн септин баасы 30 миң сомго чейин барат. Мындан сырткары, айылдан ар кандай буюртма түшсө кече кийимдерин даярдап берем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️