Пример HTML-страницы

Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун абалына нааразы болгон ак-талаалык айдоочулар акимге киришти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы айдоочулар Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун абалына нааразы болуп, акимге киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 28-февраль күнү Баетов—Кош-Дөбө каттамындагы айдоочулар аталган жолду суу каптап, унаалар жүрө албай, тыгылып жаткандыгын айтышты. Айдоочулар кардын эришинен улам агып жаткан сууну жол четине агызуу, жолду ай сайын сүрдүрүп туруу жана ага жаңы техника алуу талабы менен район акими Жумадилла Жапаровго жолугушту.

Жолугушууда аким Ж.Жапаров маалыматты эртең менен алгандыгын жана тапшырма бергендигин, учурда жол тейлөө ишканасынын жумушчулары иш алып барып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле, инерттик материалдар калбагандыктан бир күн сүрдүрүп койгон менен эртеси эле эски кейпине келип жаткандыгын, жол тейлөө ишканасында 2 грейдер бар экендигин жана анын биринин техникалык абалы начар болгондуктан 1 грейдер жетишпей калгандыгын билдирди.

Ал эми айдоочулар сууну жол сыртына агызуу иштери жүрүп жатканын, бирок жолду сүрдүрүп коюуга техника чыкпагандыгын айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE