Баетов айыл аймагына айыл чарба техникалары алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына 10 млн сомго айыл чарба техникалары алынды.

Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрдагы 591-тескемесине ылайык, республикалык бюджеттен Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 10 млн сомго Баетов айылдык кеңешинин чечими менен айыл чарба техникаларын сатып алуу каралган.

Анын негизинде экскаватор, силос жыйноочу комбайн жана жүгөрү түптөө үчүн культиватор сатып алуу үчүн 10 млн 145 миң сомго мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Сынакта «АВТОМАШ-РАДИАТОР» жана «Экспресс Деливери» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө «АВТОМАШ-РАДИАТОР» жоопкерчилиги чектелген коому эки катарлуу силос жыйноочу комбайн жана жүгөрү түптөө, солдоо үчүн культиваторду алып келип, тийиштүү документтери менен өткөрүп берди.

Ал эми экскаваторду келишимдин негизинде 10-октябрга чейин алып келип берүү белгиленген.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Экспресс Деливери» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Аяркулов Батырбек Таалайбекович. Компания 2018-жылдын 18-августунда каттоодон өткөн. Негизиги ишмердүүлүгү: машиналар менен жабдыктарды дүңүнөн сатуу.

Пример HTML-страницы

«АВТОМАШ-РАДИАТОР» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Владимирович Юрий Николаевич , түзүүчүсү — «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коому. Компания 2012-жылдын 25-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: айыл чарба жана токой чарба үчүн тракторлорду жана аларга тетиктерди чыгаруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️