Пример HTML-страницы

Бабачалдын сансыз малы багылган жайлоо (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Бабачал жайлоосунун аталышы сансыз жылкы баккан адамдын атынан аталган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жаман-Даван дарыясын бойлой түштүк тарапты көздөй бара жатканда, тактап айтканда Турук көмүр кенине жетпей оң тараптагы чоң коктунун ичи Бабачал жайлоосу деп аталат. Дал ортосунан Бабачал суусу агып өтөт. Жайлоодо кийик, суур, карышкыр, кашкулак, улар жана башка жаныбарлар байырлашат. Ал эми Бабачал суусу Жаман-Даван дарыясынын оң куймасы болуп эсептелет.

Элдик уламыштарда, илгери Бабачал деген карыя бул коктуда сансыз жылкы бакканы айтылат.

«Бул жерди Бабачал деген карыя жердеп, миңдеген жылкы багып, ошол жылкылары ушул сууну ичкенде суу кадимкидей соолуп калчу экен. Ошондон улам Бабачалдын суусу, Бабачалдын жайлоосу аталып калган дешет. Мал бакканга ыңгайлуу жайлоо», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE