Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 66 жаштагы тургуну Атыргүл Балбаева 8 баланын энеси. Баатыр эне кыргыз кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүүгө бар күчүн жумшап келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.
Ал кесиби боюнча мугалим. Келечектеги урпактар ата-бабалардын таберигин бийикке көтөрсө деген тилеги бар.
«4 жыл мугалимдик кесипте иштегем. Андан кийин союз таркап, маяналар берилбей, баш аламандык болгон. Ошол мезгилде балдарды багыш кыйын болуп, энергетика тармагына кирүүгө муктаж болуп калдым. Кудайга шүгүр, жакшы иштеп, көптөгөн мактоо баракчаларын алып, жооптуу кызматтарда иштедим. 2014-жылдан баштап пенсиялык даражага жетип, эс алуудамын», — деди ал.
Эс алууга чыккандан кийин тил маселеси, каада-салт, нарк-насил, үрп-адат, ырым-жырымдар жоголуп бара жатканына көрүп, бул жаатта иш жүргүзүүнү чечкен.
«Үч жылдын тегерегинде эл кыдырып, салттуу кийимдерди жана салт тууралуу республикалык деңгээлде өткөн иш-чараларды көрүп жүрөм. Ошондон кийин салт жана тил маселесине басым жасаш керек экенин билдим.
Ата-бабаларыбыз мурас кылып калтырган кылым карыткан эне тилибизди, каада-салтыбызды кеңири жайылтууну максат кылып, коомдук фонд түзүп, жигердүү эмгек кылып келе жатабыз», — деп билдирди ал.
Атыргүл Балбаева көчмөн тарыхын, оюндарды жана ыр-күүлөрдү жайылтуу максатында 28-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда концерттик кече өткөргөн.
«Республикалык деңгээлде өткөн иш-чараларга катышып, байгелүү орундардын ээси болдук. «Улут уңгусу — нарк» долбоорун жазып, «Келин алуу» салтын көрсөтүп бердик. Эл нукура салтка, нукура кыргыз тилге жана салттуу кийимдерге суусап калганын көрдүк. Алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.