Б.Муратованын иниси менен уулу үн катты

TurmushБүгүн, 29-март күнү Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну Нематтила Муратов АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курду. Анда буга чейин маалымат жыйын өткөргөн эжеси Бүзейнеп Муратованын айтканын жокко чыгарып, эжесине 22 сотых жер берип, ага пайдубал да куруп койгонун айтып берди.

Нематтила Муратов өз сөзүндө бир туугандар чогулуп, атасы белек кылган жерге үй куруп берише турганын, бирок эжеси эч нерсеге көнбөй, арызданып гана жүргөнүн айтты.

«Эжемди жамандоо максат эмес. Бирок чындыкты айтышым керек. Эжем үч жолу турмуш курду, үчөөнөн тең ажырашты. Биринчи турмушунан бир уулу, акыркы турмушунан бир уулу бар. Улуу баласы менен мамилебиз жакшы. Ушул Бүзейнеп эжем ажырашып келгенден бери бизде тынчтык жок. Эжемдин ызы-чуусунун айынан аялым менен да ажырашып, балдарым ар жакта чачырап жүрөт. Мен талаалап Орусияда көп жыл жүрдүм, ошол жактын жаранымын. Бирок менин да ашып кеткен байлыгым жок, башка жерим, үйүм жок.

Атам айылдын молдосу болгон ажы киши эле. Көзү тирүүсүндө баарыбызга жер бөлүштүрүп берген. Мага, уулума бирден жер калтырган. Анан кыз бала менен бир үйдө батышпайсыңар деп эжеме башка 22 сотых жерди белек кылган. Бир туугандар биригип, ошол жерге пайдубал тургуздук. Эжеме кичине болсо да үй куруп берели дедик. Бир айыл башчы: «Ал жер селкана. Үй курууга болбойт» деп, эжемди жолдон чыгарып коюптур. Ал жер мурда селкана болгон. Учурда үйлөр курулуп, бактар тигилип, эл жашап жатат», — деди Нематтила Муратов

Ошондой эле ал эжеси тополоң чыгара берип, үйүнө тынымсыз аймактык милиция кызматкери келип жатканынан тажаганын кошумчалады. Эжеси Бүзейнеп Муратованын кайрылуусунан соң бир туугандар чогулушканын, жыйынтыгында үй куруп берүүнү чечишкенин айтып өттү.

Пример HTML-страницы

Учурда эжеси атасынын эски үйүндө жашап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️