Пример HTML-страницы

Б.Мамажанов Кыргызстанда кайрымдуу болуп, калкты алдагандар жөнүндө айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushАктер Азиз Мурадиллаевдин бооруна операция жасоого президент Садыр Жапаровдун жардам берүүсү коомдо эки түрдүү пикирди пайда кылды. Айрымдар кубаттаса, айрымдар бейтаптар өз өлкөсүндө дарылануусу үчүн клиника ачып, жаңы жабдыктарды алуу керек деген сунуштарын айтышты.

Боор рагына операция жасоо үчүн канча каражат керектелет жана кандай жолдор менен жасалат? Бул боюнча 2021-жылы өзүнүн аталаш карындашына донор болгон Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Баатырбек Мамажанов менен маек курдук.

Ал Кыргызстандагы ооруканаларда илдетине анык диагноз коюлбай, азап тартып жүргөн мекендешибизге дарылануу үчүн Индиянын Дели шаарына жол көрсөтүп, 24-ноябрь күнү жардамдашып учуп кеткен.

«Индияга биринчи жолу былтыр атамдын бир тууган инисинин кызынын боорун алмаштыруу үчүн донор болуп келгем. Ал эми азыр мен жардам берип чогуу келген келинге Кыргызстанда «боор рагы» деп коюлган диагноз туура эмес экендиги аныкталды. Анын көк боору чоңоюп, өтү ооруганы жана канында оору бар экени белгилүү болду.

Жеке клиникалар жөнүндө айтсам, шарттары өтө жакшы, дарыгерлер жогорку деңгээлде мамиле жасашат. Биз Кыргызстандан Делиге келип, аэропорттон түшөрүбүз менен клиниканын котормочулары жеке унаалары менен тосуп алышып, дарылануу бүткөн күнү кайра аэропортко алып келип, учуп кеткенге чейинки милдеттемени моюндарына алышат.

Индиядан донор табуу мүмкүн эмес. Донор боло турган адам жакын тууганы же бир туугандары гана болот. Документтерге өтө кылдат көңүл буруп текшеришет. Донор менен бейтаптан бирге түшкөн сүрөт, видеолорду талап кылышат. Ошондой эле экөөнүн тууган экенин тастыктаган документтер болушу керек.

Донор операциядан кийин 4-5 күндө жандандыруу бөлүмүнөн чыгат. Ал эми бейтап 10 күндө чыгат. Мен донор болгонумда 9 саатта, ал эми бейтап 12 саатта операциядан чыкканбыз. Боор алмаштыруу — абдан чоң операция», — деди ал.

Каарманыбыз Индиядагы клиникаларга башка өлкөнүн да жарандары көп барганын байкаган. Жеке клиникаларга Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Монголия, Африка, Ирак жана Россиядан көп адамдар кайрылышат. Алардын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан барган жарандар түзөт.

«Бул жеке клиникалардагы жабдуулар заманбап, ошондой эле дарыгерлердин тажрыйбасы күчтүү болгондуктан ар бир ооруга анык диагноз коюп дарылашат экен. Кээде Индиянын клиникаларындагы жердештерибизди көрүп, “Эмне үчүн Кыргызстанда ушундай жеке клиникаларды ачса болбойт? Бизде билимдүү дарыгерлер жокпу? Же биздин өлкөдө заманбап медициналык аппараттарды сатып алганга акча каражат жетишпейби?” деп ойлоном.

Клиникада дарылануу үчүн биз Кыргызстанда жүрүп уккандай кымбат эмес экен. Бул бааларды биздеги ар кандай «Кайрымдуу бол», «Мээримдүү бол», «Мен силерди алдабайм» деген юмдар жогорулатып айтып, чөнтөктөрүнө пайда көрүшөт экен. Ошондуктан дарыгерлер менен түздөн-түз байланышып, дарыланып кетсе бир топ жакшы болот деп айтар элем.

Денесинин бир бөлүгү кесилип, оору эмне экенин билбегендер үчүн Индияга мээримдүү болуп, бейтапты жөнөтүшүп турганы бул жөн гана бизнес экенин айтат элем. Операция пакетине 21 күн кирет. Мурда 25 миң доллар болсо, азыркы тапта дагы 2 миң долларга арзандаган. Бирок ортомчулар бааны 27 миң долларга чейин жогорулатып алышкан. Анкета, билет, визага өзүңдүн чөнтөгүңдөн каражат коротосуң, ал пакетке кошулбайт.

Биз менен Баткендин Айдаркенинен бөйрөк алмаштырганга бир үй-бүлө келди. Аларды ошол кайрымдуулук кылабыз деп жүргөн адам «операция 15 миң доллар турат» деп жибериптир. Ортодо 4 миң доллар жеп жатат. Бул жакта ал адамдын туура эмес иштерин билгендер көп экен. Индия элчилигинин кызматкери: “зыян тарткандарды чогултуп, арыз жазбайсыңарбы” деп айткан эле», — деди ал.

Ал Индия өлкөсү боюнча кыскача сөз кылды.

«Индиянын эли жөнүндө айтсам, өтө эле кичи пейил, адамгерчиликтүү келишет. Декабрь айларында Кыргызстандын кеч күзүндөй болуп турат экен. Кар жаабайт, бирок Дели шаарынын айрым аймагында жаайт дешти. Валютасы — рубий. Былтыр биздин 1 сом — 1 рупия 17 пайс (тыйын) эле, быйыл 1 сом — 0,97 рупий көрсөтүп турат.

Тамак-аш маселесине келсек, бардык мөмө-жемиштердин баалары биздикиндей эле. Такси кызматтары арзан. Буларда мото таксилерди «тук-тук» деп аташат экен, көбүнчө ушул транспортту пайдаландык. Бир жакка чыксам, котормо тиркемесин эле колдонуп жүрөм. Клиникада болсо, сөзсүз түрдө котормочу менен жүрөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE