Пример HTML-страницы

Бүгүн жылдын эң кыска түнү. Жайдын аптаптуу ысык чилдеси качан түшүп, качан чыгат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-июнь күнү жылдын эң узун күнү деп саналат. Ага байланыштуу түн кыска болот.

Жыл бою күн горизонттон ар кандай аралыкка көтөрүлөт. Бүгүнкү күндө ал астрономиялык энциклопедияда «эклиптика чекити» деп аталган эң жогорку чекке жетет. Эклиптика — бул асман сферасы боюнча күн кыймылда болгон эң чоң тегерек. Кыргызстандын аймактарында күндүн узактыгы ар кандай болот. Шаар картада канчалык түндүк болсо, анын тургундарын ошончолук жарык күн күтөт.

Эң узун күн 21-июнда, эң кыска түн 22-июнга караган түнү болот. Ушул күндөн 2-3 күндөн кийин жайкы саратан башталарын айтып келишкен. Жай чилдеси болсо 8-июлда башталып, 18-августта чыгат. Кыштын ызгаар күндөрү кыш чилдеси, жайдын аптаптуу ысык күндөрү жай чилдеси болот. Ал эми күн менен түндүн күзгү теңелүүсү 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү орун алат.

21-декабрдын күнү эң кыска, ал эми 22-декабрга караган түн эң узак болот. Андан кийин акырындык менен күн узарып, түн кыскарып баштайт. Тактап айтканда, 25-декабрдан тарта күн узарат.

Күн менен түндүн жазгы теңелүүсү 20-марттан 21-мартка караган түнү болот. Астрономдор бул маалда күн экватордун дал ортосуна келип, андан соң түндүк жарым шарды карай жыларын айтышат. Бул күндү кыргыздар жыл ажыраш деп атап, жаңы жылдын башталышы катары белгилешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE