Пример HTML-страницы

Бүгүн тоолуу аймактарда жамгыр жаашы ыктымал

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-майда айрым аймактарда жамгыр жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

29-30-майдагынөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE