Бүгүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү ыктымал

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 24-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

24-июлдан 26-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️