Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөсүндө Талас шаары республика боюнча 1-орунду алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөсүндө Талас шаары республика боюнча 1-орунду алды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаары 144,6 упай менен 1-орунга чыкты.

1. Талас «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейи (164 упай);

2. Талас «Манас ата» лицейи (158 упай);

3. Рысакова атындагы орто мектеп (154,5 упай);

Пример HTML-страницы

4. Талас облустук лицей-комплекси (151 упай);

5. К.Дарданов атындагы орто мектеп (144 упай);

6. №4 орто мектеп (141 упай);

7. Э.Айылчиев атындагы орто мектеп (135 упай);

8. №5 орто мектеп (134 упай);

9. Жолчубек уулу Урмат атындагы орто мектеп (129 упай);

10. А.Чолпонкулов атындагы орто мектеп (124 упай);

11. С.Абдуллаев атындагы орто мектеп (119 упай).

Талас шаарынан 2 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болушту.

Алар:

Элнура Эркинбекова 234 упай алды. АЛ Талас «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейинин окуучусу;

Байзак Карыпжанов – 216 упай алды. Ал Талас «Манас ата» лицейинин окуучусу.

Талас шаарында 2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчү класстардын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 480 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️