Бүгүн айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-декабрда айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарда, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

9-11-декабрында абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° суукка чейин төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️