Азия чемпионатында күмүш байге тагынган Таңчолпон Кабылбекова

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя айылынын 20 жаштагы тургуну Таңчолпон Кабылбекова эркин күрөш менен машыгып жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде спорттогу жолу тууралуу айтып берди.

Таңчолпон Кабылбекова учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучу бөлүмүндө 2-курста окуп жатат.

«Кыз-келиндер арасындагы эркин курөш менен машыгам. Кичинекей кезимде күрөш, жалпы эле спорт эмне экенин билген эмесмин. Спорттун бул түрүн тандап калууга 2-3 адам себепкер болгон. Алардын арты менен спортко барып калдым. Машыгып жатканыма 8 жыл болуп калды. Ата-энем, бир туугандарым, жакындарым жакшы колдоо көрсөтүп келет. Мага ишенич артып, сыймыктануу менен колдошот. Ушундай ата-энем, бир туугандарым, жакындарым бар экенине абдан кубанам», — деди ал.

Жаш балбан кыз дүйнө биринчилигине чейин катышкан.

«Буга чейин Азия, дүйнө биринчиликтерине катышып келгем. Бирок дайыма 1-2 упай жетпей, утулуп калчумун. 2024-жыл Азия биринчилигинде (U20) 2-орунду алдым. Буйруса жакшы ниеттер, жакшы ой-максаттар бар. Бизге жол көрсөткөн, бизге жол ачып берген легендабыз Айсулуу Тыныбекова эжебиздей болсом дейм.

Пример HTML-страницы

Мен 3 бир туугандын улуусумун. Менден кийин 2 иним бар. Негизи окуу жайга жаңыдан тапшырганда кыздар аз болуп, жалаң эркек балдар окуй турганын айтышкан. Бирок өзүмдү спортто гана көрө алгандыктан, каршылыктарга карабай тапшыргам. Машыгуу менин жашоомдун маанилүү бөлүгү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️