Пример HTML-страницы

Ажонун айылына келин болгон Айнура

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сан-Таш айылынын 36 жаштагы тургуну Айнура Бейшекеева мектепте математика жана информатика сабагынан мугалим. Ал дээрлик 10 жылдык иш тажрыйбасын окуучуларга арнап, эмгектенип келе жатканын жана үй-бүлөсү тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1985-жылы Түптүн Ысык-Көл (Маяк) айылында жарык дүйнөгө келгем. Апам бухгалтер, атам айдоочу болуп иштечү. Турмуш шартка байланыштуу Сан-Таш айылындагы таене жана таятамдын колунда чоңойдум. А.Муканов атындагы мектептин босогосун аттап, математика, чет тили сабактарынан олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди багындырып жүрдүм. Мектептин президенти болуп, окууну артыкчылык баалар менен аяктадым. 2002-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Прикладдык математика жана информатика» факультетине кирдим. Анан 4-курска келгенде болочоктогу жолдошум менен таанышып, баш коштук. Айтмакчы, президент Садыр Жапаровдун кичи мекени болгон Кең-Суу айылына келин болдум. 21 жашымда тун кызымды жарык дүйнөгө алып келдим. Ал арада университетти да аяктап, Кең-Суу айылында Т.Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебине мугалим болуп жумушка орноштум», — деди ал.

Айнура Бейшекеева мектепте иштеп баштаган соң, жолдошу менен Сан-Таштагы улгайган таене жана таятасына каралашканы көчүп барышкан.

«Менин таенем менен таятамдын жанына барып, каралашуу кайын журтумдун жана жолдошумдун чечими болду. Ал кезде унаа аз болуп, Кең-Суу айылына күндө жөө барып, иштеп келчүмүн. Кышкысын караңгыда үйдөн чыгып, мектепти көздөй жөнөчүмүн. Таятам жолдогу карышкырлардан кооптонуп, атка чана кошуп, мени жеткирип барар эле. Ал убакта мектептегилер «аяз кыз» келди деп тамашалап калышчу. Ошентип 1 жыл 2 ай иштегенден кийин мектептен чыгып, Сан-Таш айыл өкмөтүндө бухгалтер, насыялык компанияларда адис болуп иштеп жүрдүм. Ал ортодо 2 кыз, 1 уулду тарбиялап, 2013-жылы күз мезгилинде кайрадан мектепке жумушка орноштум. Бул арада унаа сатып алып, кошуна айылга мектепке мурдагыдай жөө каттабай калдым. Азыр кез-кезде өзүм, кээде жолдошум жеткирип барат. Окуучуларды дайыма Ата Мекенди сүйүүгө, эл-жер үчүн кызмат өтөөгө үндөп келем.

Учурда таенем 94 жашта. Жолдошум болуп чогуу турабыз. Ал эми таятам акка моюн сунду», — деди ал.

Айнура Бейшекеева жана анын жолдошу Алмазбек Акматов 5 баланын (2 кыз, 1 уул жана эгиз уулдар) ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE