Азамат Дүйшеев Өзгөндүн акиминин биринчи орун басары болду. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushДүйшеев Азамат Раимжанович Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, ал кечээ, 22-октябрда жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп Мамадалиев Шакир Шамшидинович иштеп жазган. Ал өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.

Азамат Дүйшеев 1982-жылы 28-мартта Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында туулган.

Билими:

Пример HTML-страницы

— 1999-2006-жылдары Ош технологиялык университетинде экономист адистиги;

— 2008-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинде юрист адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

— 2003-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгында инспектор;

— 2005-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында топограф;

— 2008-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында инспектор;

— 2010-2012-жылдары жеке ишкер;

— 2012-2013-жылдары Ийри-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаты;

— 2013-2016-жылдары Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2016-жылы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде бөлүм башчы;

— 2017-2018-жылдары жеке ишкер;

— 2019-жылдан бүгүн күнгө чейин «Өзгөн таза суу» муниципалдык ишканасында жетекчи;

— 2021-2014-жылдары Ийри-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️