Пример HTML-страницы

Атасы каза болуп, уулу ооруканага түшкөн. Сокулукта адам өмүрүн алган жол кырсык видеого түшүп калды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСокулук районунда адам өмүрүн алган жол кырсык катталып, окуя видеого түшүп калды.

Жол-транспорт кырсыгына кабылгандар ата-бала болгон. Атасы каза таап, уулу ооруканага жеткирилген.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 3-июнь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Манас айылынын Васильевский тракт унаа жолунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Сокулук РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Сокулук РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда кырсыктын жагдайлары аныкталган. 2024-жылдын 3-июнунда саат 17:00дө Сокулук районунун Манас айылынын Васильевский тракт унаа жолунда Бишкек шаарынын тургуну — 1974-жылы туулган Б.С. өзүнүн «Фольксваген-Гольф-3» унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Сокулук районунун Озерное айылынын тургуну С.А.нын башкаруусундагы «Зил-130» жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен «Фольксваген-Гольф-3» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден алган дене жаракатынан улам каза болуп, ал эми унаа ичиндеги баласы ар кандай дене жаракаттары менен Бишкек шаарынын илимий изилдөө жана ортопедия №4 ооруканасына жеткирилген.

Азыркы учурда аталган жол кырсыгы боюнча Сокулук РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалары дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE