Ата-энесинин каршылыгына карабай, Алайга келин болгон Лауранын окуясы

Акыркы жанылыктар

Turmush«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы тургуну Лаура Жумагулова. Ал ата-энесинин каршылыгына карабай кыргыз мырзасы менен баш кошконун жана учурдагы жашоо-турмушу тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1998-жылы Кара-Балта шаарында жарыкка келгем. Атам кыргыз, апам орус улутунан. Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинде билим алгам. Учурда жолдошум Кадырали менен бирге Түркиянын Аланья шаарында машыктыруучу болуп эмгектенебиз. Жолдошум спорттун бодибилдинг (англ. вody дене жана building куруу) түрү менен машыктырса, мен кардио машыгууларды өткөрөм. Экөөбүз бир тармакта иштеп, жашоого болгон көз карашыбыз, ички дүйнөбүз, кызыгууларыбыз, алдыга койгон ой-максаттарыбыздан бери окшош. Сырткы келбетибиз окшой бербесе да, Кудайым бизди бири-бирибиз үчүн жараткандай туюла берет. Кээде туруп, өзүбүз да таң калабыз. Бирок биздин баш кошуубузга көпчүлүгү каршы болушкан. Анда кеп башынан болсун…

Спортко жакын болгондуктан машыгуу залына бара баштадым. Ал жактан Кадырали менен таанышып калдым, ал менин машыктыруучум болчу. Ортобузда жылуу сезимдер пайда болуп, кыз-жигит болуп жүрө баштадык.

6 айдан кийин ал мага үйлөнгүсү келгенин жана муну кечиктирүүнү каалабай турганын айтты. Коронавирус пандемиясы күчөгөн 2020-жыл болчу. Бардык ресторандар жабык болгонунан улам кайнатам жана кайненем үйдө 10 күн бою конокторду тосушкан.

Биздин үйлөнүүбүзгө менин ата-энем каршылыктарын көрсөтүшкөн. Апам ошол учурда чет өлкөдө болчу, пандемияга байланыштуу тойго келе алган жок. Атамдын ою боюнча, менин турмушка чыгуума али эрте болчу. Ал эми жолдошумдун ата-энеси менин атам кыргыз экенин билгенден кийин каршы болушкан эмес.

Пример HTML-страницы

Мен кыргыз болгондуктан, көпчүлүк салттарды жана үрп-адаттарды бала кезимден бери билчүмүн. Айрымдарын келин болуп баргандан кийин үйрөндүм. Ошентип, чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 5 жылга жакындап калды», — деди ал.

Анын айтымында, келечекте Кыргызстанда жашоону каалашат.

«Жолдошум Кадырали Адилбек уулу 1997-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Мурдаш айылында туулган. Бирок Кара-Балта шаарында чоңойгон.

Экөөбүз Кыргызстанда жүрсөк, адамдар көз албай карап, аркабыздан шыбыраша башташтат. Биз ага көңүл деле бурбайбыз, анткени бизде “кыргыз менен кыргыз баш кошуусу керек” деген түшүнүк бар. Бирок чет өлкөдө бизди «абдан жарашыктуу көрүнөсүңөр» деп, суктангандар көп.

Азыркы тапта биз чет өлкөдө иштейбиз, бирок келечекте Кыргызстанда жашоону пландап жатабыз. Анткени биз каякта болбосок да, жүрөгүбүз кыргыз деп согот», — деп сөзүн жыйынтыктады Лаура айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️