Ата-эненин мээримине өзгөчө муктаж балдар жол күзөтчүлөрүн тосуп алышып, кубанычка батышты

TurmushКечээ, 14-апрель күнү Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ата-эненин камкордугусуз калган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кийим-кече, таттууларды тапшырышты. Бул тууралуу райондук ЖККК бөлүмүнөн билдирди.

«Улуу Рамазан айында Биринчи май айыл аймагынын Ак-Суу айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө жана Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, балдардын жашоосу менен тааныштык. Аларга кийим-кече жана таттууларды берип, айрымдары менен аңгемелештик. Ата-эненин мээримине өзгөчө муктаж балдар өз жашоолору жөнүндө айтып беришти. Жаш досторубуз менен сүрөткө түшүп, алар менен чогуу убакты өткөрдүк», — дешти жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр.

Ал эми Беловодскидеги мектепке чейинки балдар үйүнүн директору Анна Горохова төмөнкүлөргө токтолду.

«Бизде 3 жаштан 7 жашка чейинки ата-энелердин камкордугусуз калган 60 бала тарбияланат. Алар өзгөчө кийинген жол күзөтчүлөрдү жылуу маанайда тосуп алышып, айрымдары кучактап, кубанычка батышты. Белектерин алышып, ыраазычыктарын айтып жатышат», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары райондун жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр аймактардагы карыларга да көмөк көрсөтүүнү мерчемдешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️