Ат үстүндө шумкардай сыза учкан Кенжебек келечекте учактарды тейлеген адис болууну саамайт

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы Учкун айылынын тургуну Кенжебек Куатбеков бала кезинен учакта учууну эӊсеп, ат мингенге да кызыгат.

Ал 2001-жылы 9-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Каарманыбыз райондук мелдеште «Мыкты чабуулчу» наамын алды.

«Түпкү тегим Токтогулдун Сары-Камыш деген айылынан. Үй-бүлөдө эң кичүүсүмүн. Азыркы тапта И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда 3-курста окуйм. Окуу жайды аяктасам, учактарды тейлеген адис болуп чыгам (авиатехник). Учактар менен иштөөнү, анда учууну бала кезден кыялданчумун. Ал эми ат мингенди дагы бала кезден жакшы көрөм. Кыргыз болгондуктан ат минбей коюш болбойтко дейм. Көк бөрү — ата бабаларыбыздан калган оюн. Айылда байкелерибиз көк бөрүнү байма-бай ойношчу. Аларды көрүп, кызыгып жүрүп, өзүм дагы аралашып кеттим. Айыл аралык мелдештерде ойноп жүрүп, өткөндө райондук оюнга катыштым. Анда «Мыкты чабуулчу» наамын алдым», — деди ал.

Каарманыбыз көк бөрү оюну АКШнын футбол оюнуна окшоштурат.

«Негизи көк бөрү оюну оңой эмес. Ар бир эле адам ойной албайт. Көк бөрү ойнош үчүн албетте биринчиден күч керек, колдон келсе күндө машыгып туруу зарыл. Мен көк бөрүнү АКШнын футбол оюнуна салыштыра берем. Анткени ал дагы өтө опурталдуу спорттүн түрү. Коопсуздугу, кырсык болуп кетүү коркунучу бар. Келечекке койгон максатым көп. Бош убактымда ат минип, алар менен алек болгонду жакшы көрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️