Ат-Башынын Жаңы-Жер жайлоосунда 1,2 млн сомго жол жана көпүрө салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана жаңы көпүрө салынды.

Маалым болгондой, аталган жайлоого акыркы 30 жылдан бери малчылар жайлабай калышкан. Себеби ал жерге бара турчу жол жана көпүрө болгон эмес. Мурун барган малчылар ат, төөлөр менен суу кечип өтүп, кыйынчылык менен көчүп конуп келишкен. Жол менен көпүрөнү курууга Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Акимчилик тарабынан керектүү темирлери (швеллер) берилген.

Курулуш иштерин «Казыбек—Кара-Коюн» муниципалдык ишканасы жүргүздү. Көпүрөнүн узуну 24 метр туурасы 3 метр болуп салынса, жолдун узундугу 1 км ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️