Ат-Башынын Кара-Суу айылында бала бакча ачылды

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында пайдаланууга берилбей жаткан бала бакчанын эшиги ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, демөөрчүлөр тарабынан ачылган бала бакча 85 орунду түзөт. Бакчанын бардык ыңгайлуу шарттары бар. «Мамалак» балдар бакчасынын тамак-ашынын, айлык маянасынын каражаты жакында толук чечилип, ишке киришти.

Учурда бала бакчага 85 бөбөк кабыл алынып, аларды тарбиялоодо 23 кызматкерлер иштей баштады. Айылда 400гө жакын наристелерди балдар бакчаларда тарбиялоо муктаждыгы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️