Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында 22 млн сомго милициянын имараты курулуп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында милициянын аймактык бөлүмчөсүнө арналган имаратка капсула салынды.

Маалым болгондой, имарат курууга республикалык бюджеттин эсебинен 22 млн сом бөлүнүп, курулуш Ички иштер министрлиги алдындагы курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Нарын облусунун аймагында милициянын жалпы 8 аймактык бөлүмчөсү бар. Ал эми аймактык тескөөчүлөр үчүн жаңы имарат облуста алгач ирет курулууда.

Баш-Кайыңды айыл аймагы 8 айылдан туруп, калкынын саны 21 миң 933 адамды, аянты 256, 4 чарчы метрди түзөт.

Аталган аймакта 8 милиция кызматкери эмгектенет. Алар Баш-Кайынды, Ак-Моюн айыл өкмөтүн, райондон алыстыгы 150-200 чакырымга чейинки жайгашкан алыскы жайлоолорго чейин тейлешет.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️