Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Муз айыл аймагындагы муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ак-Сай өрөөнүндөгү жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жол оңдоо жана шагыл төгүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасынын кызматкерлери погрузчик, экскаватор, «HOWO» үлгүсүндөгү техникалары менен Ак-Сай жайлоосуна барышты. Анда чабандар менен жыйын өткөрүлүп, жол көйгөйлөрү боюнча маселелер талкууга алынды.

Узун-Булак аймагынын жолдору, сазы толугу менен оңдолду. Ошондой эле Ак-Сай, Балык-Суу аймагынын башы, Бучуктун бели кеңейтилип, жол салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE