Ат-Башынын Ак-Муз айылынын маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы районунун Ак-Муз айылынын маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Ак-Муз айылынын башчысы Бакыт Алияскаров билдирди.

Анын айтымында, бул иштерге жалпы 4 млн 925 миң 508 сом бөлүнгөн. Анын 2 млн 462 миң 754 сому стимул берүүчү гранттын эсебинен, 2 млн 462 миң 754 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

«Оңдоо иштеринен кийин клубдун жер төлөсүндө күрөш жана машыгуучу бөлмөсү ишке берилет. Буга чейин деле иштеп келген. Бирок абалы начарлап кеткен.

Андан сырткары кол өнөрчүлөргө атайын бир бөлмө берилип жатат. Дагы бир чоң бөлмөсүнө 30 орундук тигүү цехи ачылат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️