Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын тургундары көйгөйлөрүн айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айыл аймагындагы тургундар менен жолугушуу уюштурулду.

Жергиликтүү тургундар Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын тургундары район жетекчилигине көйгөйлөрүн айтышты.

Жыйынга район жетекчилиги, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана тармактар боюнча райондук мекеме жетекчилери катышты. Жыйында өзгөчө Ак-Моюн айылында сугат жер аянттарын сугаруу маселелери айтылса, Бирлик айылында электр энергиясына тиешелүү жана кооперативге берилген жерлер тууралуу маселелер козголду.

Элеттеги көйгөйлөрдү чечүү жолу талкууга алынып, жыйындын жүрүшүндө райондук мекеме жетекчилерге ташырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE