Пример HTML-страницы

Ат-башылыктар гиря көтөрүп, тогуз коргоол менен волейболдо күч сынашты

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтү спорттун 3 түрү боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштурулган спорттук иш-чаралардын башкы максаты — райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасындагы ынтымакты бекемдөө жана жалпы айыл элин спортко тартуу болуп саналат.

Гиря көтөрүү боюнча мелдеште биринчи орунду Улук Мелисов, экинчи орунду Дастан Кубатбеков алып, кызыктыруучу сыйлыктарга илиништи.

Ал эми волейбол оюнуна жалпы 10 команда катышып, биринчи орунду банк кызматкерлери, экинчи орунду мектеп мугалимдери, үчүнчү орунду электр тармактарынын кызматкерлери багындырышты.

Ошондой эле, тогуз коргоол боюнча мелдеш уюштурулуп, алдыңкы орунду ээлегендерге сыйлыктар берилди. Бул мелдешке окуучулар дагы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE