Пример HTML-страницы

Ат-башылык Салима Кеңешбекова район боюнча «Алтын тамга» алган 4 бүтүрүүчүнүн бири болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусу боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын 6 окуучу алды. Алардын бири — Салима Кеңешбекова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кеңешбекова Салима Абдыбековна 2006-жылы 26-январда Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Үйдө эки бир туугандын улуусу. 2013-жылы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин босогосун аттап, быйыл аны «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен аяктап жатат.

«Мектепке киргенден баштап эле менин окууга болгон кызыгуум күч алды. Мектептен тышкаркы иш-чараларга да активдүү катышчумун. Кичине кезимде ар кандай олимпиада, сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүрдүм. «Манас таануу» таймашына катышуу үчүн «Манас» эпосунун үчилтигин толугу менен окуп чыгып, командабыз менен байгелүү орундарга ээ болдук. Республикалык олимпиадага математика, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан катышып, бул жаатта да ийгиликтерди жарата алдым. Кийинки эң чоң жетишкендигим — «Алтын тамгага» ээ болгонум болду», — деди ал.

Салима мектептеги мамлекеттик сынактардан бошотулган. Учурда ЖРТнын жыйынтыгын күтүп, университеттерди караштырып жатат.

«Мектеп программалары мен үчүн жеңил эле. Айрыкча олимпиадага катышкандан кийин жеңилирээк сезилип калган. Ал эми химия мага кыйын эле болчу. Окуучунун каалоосу жана мугалимдин аракети менен гана предметти мыкты деңгээлде өздөштүрсө болот деп ойлойм. Эгерде билим министри болсом, мен мугалимдердин кагаз иштерин азайтмакмын. Менин оюмча биздин билим берүүдөгү негизги көйгөй ушул.

Менин ушул даражага жетүүмө үй-бүлөм, айрыкча апам менен таенем чоң колдоо көрсөттү. Окуйм деп эртеден кечке мектепте жүрөм. Кээде үй жумуштарына жетишпей калам. Аны апам менен таенем дайыма түшүнүү менен кабыл алышчу. Бир гана мектептин сабактарын эмес, азыркы заманга керектүү көндүмдөр (оратордук чеберчилик, финансылык сабаттуулук, софтскилс) менен алектенем.

Келечекте журналистика тармагында иштегим келет. Мен бул кесипти каалоомо жана жөндөмдөрүмө жараша тандап алдым. Азыркы учурда ыр жазам, адабий китептерди окуйм, тилдерди үйрөнүүгө кызыгам. Эл алдында сүйлөөдөн тартынбайм. Башкалар менен тез тил табышып кетем.

Өз кесибимдин мыкты адиси болуу үчүн мыкты университеттердин биринде окуу — башкы максатым. Азыркы учурда ЖРТнын гана жыйынтыгын күтүп жатам», — деди ал.

Ат-Башы району боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөр:

1. Курманбекова Айсулуу — А.Капаров атындагы орто мектеп;

2. Жумабекова Айназик — К.Керималиев атындагы орто мектеп;

3. Муканбетов Галип — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеп;

4. Кеңешбекова Салима — К.Мамбеталиев атындагы орто мектеп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE