Ат-башылык Н.Капсаланова шар окуу боюнча алдыга эч кимди чыгарбайт

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 13 жаштагы тургуну Насыйкат Капсаланова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Мен Боогачы атындагы орто мектебинде 8-класста окуйм. Бош убактымда ооз комузда ойноп, китеп окуйм. Шар окуу боюнча алдыма эч кимди чыгарбайм деп айта алам. 5-класста окуп жүргөндө мектеп боюнча 1-орунду алгам. 6-7-класста дагы шар окуу боюнча алдыга чыккам. Ар кандай китептерди окуганда, дүйнө таанымым кеңейип, акылыма акыл кошулат. Көбүнчө адабий китептерге басым жасайм. Себеби келечекте журналист болууну кыялданам. Журналист — бул бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Элдин көйгөйүн бийликке түздөн-түз жеткирип, аны чечилишине түрткү болот», — деди ал.

Каарманыбыз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Менин өлкөм, менин Кыргызстаным» аттуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы өткөн онлайн сынакта 2-орунду камсыздаганын билдирди.

«Бул кароо-сынак жай мезгилинде өткөрүлүп, өлкөнүн бардык облусундагы окуучулар катышты. Бирок жыйынтыгы жакында эле билинди. Анда Эсенгул Ибраевдин «Тилим менен улутмун» деген ырын окугам. Мындан ары дагы кароо-сынактардан калбай катышып, ийгиликтерди жарата берүүгө аракет кылам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️